Ссылки доступа

Өзбекстан 2019-nCoV вирусуна байланыштуу эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөттү


Өзбекстан Кытайда жайылып жаткан 2019-nCoV коронавируска байланыштуу чек арадагы эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөттү. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, өлкөдөгү аэропорттордо дагы Кытайдан келген жүргүнчүлөр текшерилүүдө. Алардын өпкөсү сезгенген же башка респиратордук оорусу аныкталгандары ооруканага жаткырылууда.

Кытайда буга чейин белгисиз вирустун пайда болгондугу тууралуу алгачкы маалыматтар өткөн жылы декабрдын аягында айтыла баштаган. 22-январга карата бул вирустан тогуз адам өлүп, дагы 440тан ашыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө экендиги кабарланган.

XS
SM
MD
LG