Ссылки доступа

Ташкентте 230 метрлик эгиз мунаралар курулат


Day and Night («Күн жана түн») инвестициялык долбоорунун алкагында Ташкенттеги Яккасарай кичи өнөр-жай аймагына 230 метрлик эгиз мунаралардан турган бизнес борбор куруу пландалууда. Бул тууралуу Ташкент мэринин орун басары Шафор Рахманов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бизнес борбордун аймагында 16 соода, турак-жай жана маданий павильондорду куруу пландалууда. Долбоорду ишке ашыруу үчүн үч жыл жана 1 миллиард доллар каражат талап кылынат.

— Бизнес борбордон жылына 500 миллион доллар киреше түшүшү керек. Анда 20 миң жумуш оруну түзүлөт, — деди Рахманов.

Комплекстин борбордук бөлүгүнө курула турган 230 метр бийиктиктеги эгиз-мунаралар ай менен күндү элестетет. Аларда ресторандар жана эс алуу аймактары жайгашат.

XS
SM
MD
LG