Ссылки доступа

Сузакта келин эки баласы менен иске ууланып каза болду


Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылында 33 жаштагы келин эки баласы менен иске ууланды. Бул тууралуу «Азаттыкка» райондун акими Эрмек Омошев билдирди.

- Маалыматты угар замат айылга барып, ал үй-бүлөдөн кабар алдык. Окуя 20-январь түндө болуптур. Үй ичиндеги мешке көмүр жагып, ошого ууланып калышкан. Кошуналары бир күн мурун эшигин такылдаткан учурда ачпай коюшкан. Эч ким билбегендиктен уулангандар эки күн үй ичинде жатып калышкан, - деди Омошев.

Жергиликтүү бийлик үч адам каза болгон үй-бүлөгө материалдык жардам берүүнү караштырып жатат. Айылдаштарынын айтымында, каза болгон келиндин күйөөсү Орусияда эмгек мигранты болуп иштечү. Каза болгон уулу 7 жана кызы 5 жашта болчу.

Былтыр февралда да Талас районунун Кара-Суу айылында иске ууланып 7-класстын окуучусу апасы экөө каза болгон эле.

XS
SM
MD
LG