Ссылки доступа

Лукашенко: Орусия Беларустун Казакстандан мунай сатып алуусуна бут тосууда


Беларустун президенти Александр Лукашенко Орусия казак мунайын сатып алууга бут тосуп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 21-январда мунай тармагындагы эксперттер менен болгон жыйындын жүрүшүндө айтты.

— Өнөктөшүбүздүн дагы бир башка өнөктөшүбүздөн мунай алышыбызга макул болбой жатканы таң калыштуу. Азыр мунай сатып алууда ушундай жагымсыз кырдаал түзүлдү, биз муну оңдошубуз керек, - деди Лукашенко.

Беларус, Орусия жана Казакстан - үчөө тең Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчөлөрү. Эксперттер орус президенти Владимир Путин бул уюм аркылуу Москванын мурдагы постсоветтик республикалардагы таасирин арттырууну жана НАТО менен Евробиримдикке туруштук берүүнү көздөйт деп эсептешет.

Лукашенконун айтымында, учурда орус мунайына альтернатива жок, бирок акырындык менен анын беларус базарындагы көлөмүн 30-40 пайызга чейин төмөндөтүү керек.

Орусия жаратылыш ресурстарына көз каранды Беларус аркылуу Европага газ жана мунай ташыйт. Акыркы айларда бул эки өлкө мунай транзитинин тарифтерине байланыштуу талашып-тартышып келишет. Мындай пикир келишпестиктер Москва өлкөлөрдүн интеграциясын тездетүү үчүн Лукашенкого басымын күчөтүп жаткан учурга туш келүүдө.

1-январда Орусия Беларуска чийки зат жеткирүүнү токтоткон. Ошол эле маалда Европага транзит уланып жатат. Беларус азырынча былтыркы запастарды пайдаланууда.

14-январда Беларустун вице-премьер-министри Дмитрий Крутов Минск Европа өлкөлөрүнө жана Казакстан менен Азербайжанга мунай сатып алыш үчүн коммерциялык сунуш жибергенин айткан. 21-январда Беларустун «Белнефтехим» компаниясы Норвегиядан 80 миң тонна кара май сатып алганын билдирген.

2019-жылдын аягында Путин менен Лукашенконун жолугушууларынан майнап чыккан эмес. Беларус президенти «эки өлкөгө бирдей шарт түзүлсүн» деп талап кылганын билдирген. Мамлекет башчылардын кездешүүлөрүн утурлай Беларуста Орусия менен интеграцияга каршы нааразылык акциялар өткөн.

XS
SM
MD
LG