Ссылки доступа

Тажикстандын мурдагы билим берүү министри Мамлекеттик телерадиоберүү комитетин жетектейт


Нуриддин Саид
Нуриддин Саид

Тажикстандын билим берүү министри Нуриддин Саид кызматтан алынып, Мамлекеттик телерадиоберүү комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Эмомали Рахмон 24-январда кол койду.

Нуриддин Саид билим берүү министри кызматында 2012-жылдан бери иштеп келген. Ага чейин Мамлекеттик педагогикалык университеттин жана Тажик Улуттук университетинин ректору кызматтарын аркалаган.

Министр кезинде Саид студенттер менен жогорку класстын окуучуларын майрамдарга даярдык көрүүнүн алкагындагы массалык иш-чараларга катыштыруу демилесин колдоп, бирдиктүү мектеп формасы киргизилиши керектигин айтып келген.

Эки жыл мурда социалдык түйүн колдонуучулары президентке билим берүү министрин кызматтан алуу талабы жазылган петиция түзүүнү сунушташкан. Ага министрдин орус тилин жакшы билбегендиги себеп болгон.

XS
SM
MD
LG