Ссылки доступа

Тажикстанда тополоң уюштуруу аракети үчүн камактагы 70 адам кошумча жаза алды


Вахдат шаарындагы түзөтүү абагы
Вахдат шаарындагы түзөтүү абагы

Тажикстанда камактагы 70 адам түзөтүү жайларында массалык башаламандык уюштурууга аракет кылгандыгы үчүн кошумча жаза алды. Бул тууралуу 24-январда өлкөнүн башкы прокурору Юсуф Рахмон парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, мындан тышкары дагы 30 адамга карата кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.

Башкы прокурор өлкөнүн кайсыл абагында отурган адамдар кошумча жаза мөөнөттөрүн алышканын айткан жок. Акыркы бир нече жылдын ичинде Тажикстандагы эки түрмөдө тополоң чыккан. 2019-жылы май айында Вахдат шаарындагы түрмөдө бычак менен куралданган камактагылар тополоң чыгарып, үч абак кызматкерин барымтага алышкан. Башаламандыкты токтотуу учурунда камактагы 29 адам жана түрмөнүн үч кызматкери каза болгон.

2018-жылы ноябрда Хожент шаарында жайгашкан катаал режимдеги абакта тополоң чыгып, жыйынтыгында камактагы 21 адам каза болгон. Мындан тышкары түрмөнүн эки кызматкери өлтүрүлүп, беш күзөтчү оор жаракаттарды алышкан.

Өткөн жылы жайында «Озоди» радиосу Жазаларды аткаруу кызматындагы өз булактарына таянып, Душанбедеги №1 абакта камакта отурган 20га жакын адам массалык башаламандык уюштурууга аракет кылганын билдирген. — Экстремисттик уюмдардын мүчөсү деген айып менен узак мөөнөттөргө соттолгон 20га жакын адам тополоң чыгарууга катуу даярданышкан. Жашыруун жайдан арматура жана темирдин сыныктары табылган, — деген булак.

2019-жылы октябрда Тажикстандын Жогорку соту Вахдат түрмөсүндө отурган 26 адамды «Терроризм, «Экстремизм» жана «Адам өлтүрүү» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 19 жылдан 29 жылга чейинки мөөнөттөргө эрктеринен ажыраткан. Соттолуучулар абактагы тополоңго катышпаганын айтып, өкүм адилетсиз экенин билдиришкен.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму өткөн жумада жарыяланган баяндамасында тажик түрмөлөрү менен тергөө абактарындагы кыйноого алуу учурлары олуттуу көйгөй бойдон калып жатканын белгилеген.

XS
SM
MD
LG