Ссылки доступа

Бишкектеги үйлөрдүн биринде жашыруун маңзат лабораториясы табылды (видео)


Бишкектин Алтымышев атындагы көчөсүндө жайгашкан жеке турак үйлөрдүн биринде каннабис (кара куурайдын өсүп турган кези) жана галлюциноген козу карындарын өстүргөн жашыруун маңзат лабораториясы табылды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, бардык алынган заттар менен өсүмдүктөргө жеринде мөөр басылып, таразага тартылды. Алардын таңгагы менен жалпы салмагы 438,07 килограммды түздү.

Учурда «Курамында маңзат бар өсүмдүктөрдү өстүрүү» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

XS
SM
MD
LG