Ссылки доступа

МАГАТЭ Өзбекстанда АЭС курууга көмөк көрсөтөт


10-14-февралда Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) Венадагы башкы кенсесинде өзөктүк коопсуздук боюнча эл аралык конференция өттү.

Энергетика министри Алишер Султанов башында турган өзбек делегациясы Венада МАГАТЭнин башкы директору Мариано Гросси менен жолугушту.

МАГАТЭнин башчысы атомдук энергетиканы өнүктүрүүдө өзбек өкмөтүнө жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Маалыматка караганда, агенттик Өзбекстанда курула турган атомдук электр станциянын курулушуна жана өзөктүк коопсуздук тармагына колдоо көрсөтүүгө дилгир.

Мирзиеёвдин өкмөтү орусиялык "Росатом" агенттиги менен бирге Өзбекстанда алгачкы атомдук электр станциясын курууну пландап жатат.

XS
SM
MD
LG