Ссылки доступа

Тажикстанда шайлоого чакыруу алган лөлүлөр талапкерлерди тааныбайт


Тажик лөлүлөрү
Тажик лөлүлөрү

Тажикстандын Варзоб районунун Шодоб-1 кыштагында жашаган лөлүлөр жана цыгандар парламенттик шайлоого катышууга чакыруу алышты. Бирок алар депутаттыкка ат салышып жаткан талапкерлерди билбей турганын айтышууда.

Шодоб-1 айылында 200дөй үй-бүлө жашайт. Жергиликтүү тургундар бир дагы талапкер алар менен жолугушуу өткөрбөгөнүн, аймакта жумушсуздук, талкаланган жолдор жана таштанды көйгөйү курч экенин билдиришти.

«1995-1996-жылдары биздин лөлүлөр өтө алсыз болушкан. Азыр кудайга шүгүр, 80 пайызы орто билимге ээ болду, лөлүлөр жолдорду оңдоого, жылуулук куурларын орнотууга катышып жатышат», – деди Шодоб-1 айылынын башчысы Абдурозик Шарбатов.

Варзоб районундагы кыштактарга лөлүлөр 70 жыл мурун отурукташкан. Эгер улуу муундун өкүлдөрү баштагыдай эле кайыр сурап жан бакса, жаштардын көбү Орусияга барып иштөөдө.

Буга чейин БУУ лөлүлөрдүн социалдык абалын жакшыртуу үчүн өзүнчө программа иштеп чыкпаганы үчүн тажик бийлигин сынга алган.

Тажикстанда лөлүлөр Варзоб, Пенжикент, Гиссар, Шахринав, Вахдат, Восе жана Жалолиддини Балхи райондорунда жашашат.

XS
SM
MD
LG