Ссылки доступа

Өзбек-казак чек арасында айдоочуларды опузалаган кылмыштуу топ кармалды


Түркстан облусунун Полиция департаментинин кызматкерлери Улуттук коопсуздук комитетинин Түркстан облусу боюнча департаментинин өкүлдөрү менен бирге «Сарыагаш» аттуу кылмыштуу топту кармашты.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүүлөр өзбек-казак чек арасында жайгашкан «Капланбек» чек ара өткөрмө бекетинде Борбор Азия өлкөлөрүнө оор жүк ташыган айдоочуларды опузалап, 15000ден 50000 теңгеге ( 40-133 доллардын тегереги) чейин алып турушкан.

Айдоочулар баш тарткан учурда кылмышкерлер аларды сабап, унааларынын айнектерин талкалап, дөңгөлөктөрүн жарып салганга чейин барышкан.

Жалпысынан 13 киши кармалды, алардын баары Түркстан облусунун жашоочулары.

Учурда бул факт боюнча «Опузалоо» беренеси боюнча тергөө амалдары башталды. Шектүүлөр камалды.

XS
SM
MD
LG