Ссылки доступа

Алматыда 8-марттагы марштын катышуучуларына айып пул салынды


Алматынын райондор аралык соту 8-мартта өткөн аялдарды колдоо маршынын катышуучуларын айып пул төлөөгө милдеттендирген чечим чыгарды.

Vласть.kz интернет-журналынын маалыматына караганда, «майда бейбаштык» кылгандыгы үчүн активист Фариза Оспанга 13 миң теңге, Арина Осиновскаяга 66 миң теңге өлчөмүндө айып пул салынды. Соттун материалына ылайык, алар марштын катышуучулары көтөрүп жүргөн гүлчамбарды өрттөшкөн.

Бир нече феминисттик топ уюштурган 8-марттагы акцияга 200гө жакын адам катышкан. Алар үй-бүлөлүк зомбулуктан улам каза болгон аялдарды эскеришип, сексуалдык зомбулук үчүн соттолгондорду мөөнөтүнөн мурда бошотпоону жана сексуалдык ыдык көрсөтүү тууралуу мыйзам кабыл алууну талап кылышкан.

Активисттердин айтымында, жүрүштүн уюштуруучулары быйыл акция өткөрүүгө уруксат сурап акимчиликке кайрылышкан эмес. Былтыр калаа бийлиги алардын бир нече жолку өтүнүчүн четке каккан.

Тынч жыйындарды өткөрүү тууралуу Казакстандын мыйзамдарына ылайык, жарандар массалык иш-чараларды өткөрүүгө жергиликтүү бийликтен уруксат алууга милдеттүү. Адатта акимчиликтер митинг, нааразылык акциялар өңдүү иш-чараларга түрдүү шылтоолор менен уруксат бербей, алардын катышуучуларын кармап, административдик жоопкерчиликке тартып келишет.

Чет өлкөлүк жана казакстандык укук коргоочулар бул мыйзам адамдардын жарандык укуктарын бузарын жана Конституцияга каршы келерин айтып жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG