Ссылки доступа

«Азык-түлүк ажиотажынан» кийин Алматы акимчилиги элди сабырга чакырды


Алматыдагы азык-түлүк “ажиотажынан” кийин калаа бийлиги 13-мартта басма сөз жыйынын өткөрүп, “азык-түлүк кору жетиштүү, дүбөлөңгө түшүүгө негиз жок экенин” билдирди.

- Кишилердин жапырт кезекке туруп, азык-түлүк сатып алып жатканын көрүп жатабыз. Андай кылбаңыздар. Өзүңүздөр баанын өсүшүнө түрткү болуп жатасыздар. Талап көп болсо баа өсөт,– деди Алматы шаардык акимчилигинин ишкердик жана инвестициялар башкармалыгынын башчысы Еркебулан Оразалин. Ал карантин жарыяланса да, азык-түлүк дүкөндөрү жабылбай турганын эске салды.

Казакстан бийлиги буга чейин коронавируска карата сактык чараларын күчөтүп, Нооруз майрамын жапырт белгилөөгө тыюу салган. Бийликтин бул билдирүүсүнө жана теңгенин арзандашына байланыштуу калк дүрбөлөңгө түшүп, 12-мартта Алматыдагы гипермаркеттерде азык-түлүк үчүн ири кезек жаралган. Ушундай эле көрүнүш башка шаарларда да болгон.

Бейшемби күнү эртең менен акча алмаштыруу жайларында 1 АКШ доллары 401 – 402 теңгеге сатылып жатты. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-мартта коронавирустун жайылышын пандемия деп мүнөздөгөндөн кийин мунайдын наркы мурдагыдан да төмөндөп кеткен.

XS
SM
MD
LG