Ссылки доступа

Казакстанда эки киши коронавирус жуктурганы аныкталды


13-мартта Казакстан саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов Германиядан келген эки казакстандыктан (бир аял, бир эркек) коронавирус табылганын, алар Алматыдагы жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатканын билдирди.

Министрдин айтымында, алар 9 жана 12-мартта эки башка учак менен учуп келишкен. Учакта болгон 12 адамдын бардыгы карантинге жиберилген.

Буга чейин Казакстандын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин коронавирус өлкөдө 11-марттан 16-мартка чейинки аралыкта аныкталып калышы мүмкүн экенин билдирген. Бир күн мурда казак бийлиги өлкөдө коомдук жыйындарды, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салган.

Өкмөт башчынын орун басары Ералы Тугжанов мектеп окуучулары 16-марттан 5-апрелге чейин каникулга тарай турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG