Ссылки доступа

Тажикстан менен Өзбекстан Чоң Гиссар каналын тазалоодо


Өзбекстан жакынкы эки айда Чоң Гиссар каналын тазалоо иштерин бүткөрүүнү пландоодо.

Чөлкөмдө чоң мааниге ээ канал 1942-жылы салынган. Аны курууга Тажикстандан жана Өзбекстандан 25 миң жумушчу тартылган. Каналдын узундугу 50 чакырымды түзөт. Акыркы 30 жылдан бери канал тазалана элек болчу.

Өткөн жумада Тажикстандын Чаманистон кыштагына каналды тазалоо үчүн Өзбекстандан 9 экскаватор келди. Каналдын жетекчиси Нурмахмад Гадоевдин айтымында, тажик-өзбек өкмөттөр аралык келишим боюнча каналды эки тарап биргелешип тазалайт.

«Канал Тажикстандын Рудаки, Гиссар жана Шахринав районундагы 25 миң гектер жана Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы 10 миң гектер жерди сугарууга жетет. Өткөн жылы коңшу өлкөнү 170 миллион куб метр суу менен камсыздадык. Канал толугу менен тазаланып бүткөндөн кийин 200 миллион куб метрге чейин суу жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт», – деди ал.

XS
SM
MD
LG