Ссылки доступа

Казакстан: Улуттук банктын билдирүүсүнөн кийин доллар кескин кымбаттады


Дүйшөмбү күнү Казакстандын Улуттук банкы теңгенин курсун кармап туруудан баш тартарын билдиргенден кийин акча алмаштыруу жайларында доллардын курсу кескин жогорулады.

Kurs.kz сайтындагы маалыматка ылайык, Алматы жана Нур-Султан шаарларындагы акча алмаштыруу жайларында бир доллар 440 теңгеден сатылууда. Жума күнү доллардын курсу 405,46 теңгени түзгөн.

Өткөн жумада өлкөнүн башкы каржы көзөмөл мекемеси теңге курсунун төмөндөөсүн токтотуу максатында валюталык интервенция жасаганын билдирген.

11-мартта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту пандемия деп атагандан кийин мунайдын дүйнөлүк баасы төмөндөп кеткен. Өз кезегинде бул теңге курсунун түшүүсүнө алып келген.

16-мартка карата Казакстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны тогузга жетти. Алардын бардыгы жакында чет өлкөдөн келген жарандар.

Видео

XS
SM
MD
LG