Ссылки доступа

Louis Vuitton компаниясы атырлардын ордуна антисептик гелдерин өндүрө баштайт


Атыр жана косметикалык каражаттарды өндүрүү боюнча дүйнөдөгү эң ири компаниялардын бири эсептелген Louis Vuitton ишканасы Франциядагы үч фабрикасында антисептик гелдерин чыгара баштайт. Бул тууралуу компаниянын дирекциясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, антисептик гелдерин өндүрүп, мамлекетке берүү чечимин компаниянын жетекчиси Бернар Арно кабыл алган. Өндүрүлгөн заттар бекер жеткириле турган жайлардын арасында Париждеги 40 оорукана бар. Компания алгачкы жумада 12 тонна бактерияга каршы гель өндүрөт деп күтүлүүдө.

Адистер буга чейин коронавирус жуктуруп алуу тобокелдигин азайтуу үчүн колду самындап жууп турууну же бактерияга каршы гелдерди колдонуу керектигин билдиришкен. Вирус дүйнөгө жайыла баштагандан соң адамдар жапырт түрдө антисептиктерди сатып ала башташкан.

Францияда коронавирустан 120дан ашык киши өлүп, илдетти жуктургандардын саны 5400дөн ашты.

Видео

XS
SM
MD
LG