Ссылки доступа

Литвада тажик оппозиционери сабалды


Ильхомжон Ёкубов

Европадагы Борбор Азиядан барган мигранттар бирикмесинин башчысы жана Тажикстандын улуттук альянсынын мүчөсү Ильхомжон Ёкубов Литванын Каунасе шаарында сабалды. Бул тууралуу Тажикстандагы оппозициялык «Паём» сайты кабарлады.

Окуя 16-мартта эртең менен болгон. «Озоди» радиосу менен телефон аркылуу байланышкан Ильхомжон Ёкубов полиция бөлүмүнө барып, арыз жазганын билдирди.

«Паём» сайтындагы маалыматка караганда, кол салуудан улам Ёкубовдун мурду, кабыргасы сынып, башынан жаракат алган.

Анын айтымында, ага тажик улутундагы адамдар кол салган. «Мен алардын бирөөсүн буга чейин таанычумун. Ал мени автоунаага чакырганда барып отургам, ошол замат ичиндегилер сабай башташты. Мен аларга каршылык көрсөтүп, жүрүп бараткан унаадан түшүп калууга жетиштим. Алар профессионалдуу спортчулар», — деп билдирди ал.

Бокс боюнча Борбор Азиянын мурдагы чемпиону Ильхомжон Ёкубов 2014-жылга чейин «Ислам кайра жаралуу партиясынын» (учурда өлкөдө тыюу салынган) Согди облустук бөлүмүн жетектеген. Бир нече жыл мурда анын аты-жөнү Тажикстан Улуттук банкы тарабынан түзүлгөн «терроризмге байланышы бар» адамдардын тизмесине киргизилген. 2018-жылы жазында ал бул тизмеден кайра чыгарылган.

Видео

XS
SM
MD
LG