Алардын беш баласы бар. Улуу кызы таянесинин колунда чоңоюп, турмушка чыккан. Экинчи уулу 16 жашта, ал болгону 3-класска чейин гана окуган.
«Улуу балдарым бир аз окуду. Андан соң биз борбордон жана мектептен алыс талаада жашадык. Окуу жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Кышында ал жакта машине да, ат да жүрө албат», – деди Мухаббат.
Учурда үй-бүлө Леваканд шаарындагы контейнерде жашоодо. Бобохондун буту ооруйт, буга байланыштуу иштебей үйдө отурат.
Мухаббат үй-бүлөсүн жалгыз багат. Түнкүсүн кийим тигет, күндүз талаада иштейт.
Ал көп жылдан бери жер тилкесин алууга аракет жасап келет, бирок жергиликтүү бийлик аны курулай убада менен гана оозандырууда.