Ссылки доступа

Казакстанда активистке кол салууга айыпталган аткаминер 7 жылга соттолду


Казакстандын Панфилов айыл округунун мурдагы акими, жарандык активист Галина Арзамасовага кол салууга айыпталган Нургали Аппазов жети жылга кесилди.

Талгар райондук сотунун өкүмү 17-мартта чыкты. Мурдагы акимдин айдоочусу Гани Сманов жабырлануучу менен жарашканы үчүн сот залынан бошотулду. Айдоочу активистке травматикалык тапанчадан ок чыгарган деп айыпталып жаткан.

Сот 40 жаштагы Аппазовду адамдар менен алдын ала сөз бекитип алып, адамдын саламаттыгына атайын залал келтирген деп тапты. Прокурор айыпты окуп жатып 2017-2019-жылдар аралыгында экс-аким Аппазовага карата бир топ чабуулдардын уюштуруучусу болгонун белгиледи.

Активист Галина Арзамасова Алматы облусунун Карабулак айылынын көйгөйлөрүн көтөрүп келет. Ал мектеп курулчу жерге коттеждер салынышына каршылыгын билдирип, өткөн жылдын 26-августунда бир топ айылдыктар менен акимдин кабылдамасына кирип келатканда октон жаракат алган.

Арзамасова чабуул өзүнүн жарандык активдүүлүгү менен байланышта деп эсептейт. Ал эми Аппазов менен Сманов коюлган айыптарды четке кагып келишкен.

Видео

XS
SM
MD
LG