Ссылки доступа

Медициналык беткаптар кошумча нарк салыгынан бошотулду


Кыргызстан аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо медициналык беткаптар кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулду. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим калкты медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Өлкөдө кошумча нарк салыгы 12 пайызды түзөт.

Коронавируска байланыштуу суроо-талап жогорулагандыктан дарыканаларда медициналык беткаптардын баасы бир нече эсеге кымбаттап кеткен.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-мартта коронавирусту пандемия катары жарыялаган.

Видео

XS
SM
MD
LG