Ссылки доступа

Өзбекстанда төрт паралимпиадачы допингден улам мелдештерден четтетилди


Эл аралык паралимпиадалык комитет өзбекстандык төрт спортчуну мелдештерге катышуудан четтетип, биринин рекордун жокко чыгарды. Буга алардын кызытма колдонгону себеп болду.

Комитеттин маалыматына караганда, пауэрлифтинг чеберлери Исмира Исломова менен Шахзода Мамадалиеванын 2018-жылы тапшырган анализдеринен алардын допинг колдонгону аныкталган. Спортчулар 2018-жылдан 2022-жылга чейинки мелдештерден четтетилди, алардын бул мөөнөт аралыгында көрсөткөн ийгиликтери жокко чыгарылды.

Спортчу Муслима Нуриддинова (пауэрлифтинг) Кытай жана Жапонияда өткөн турнирлерде тыюу салынган препараттарды колдонгону аныкталды. Ал 2018-жылдын 30-ноябрынан тарта 2022-жылдын 29-ноябрына чейин дисквалификациялады. Мындан тышкары Нуриддинованын өспүрүмдөр арасында жараткан рекорду жокко чыгарылды.

Атлет Камолахон Абдуллаева 2018-жылдагы Азия оюндарында допинг колдонууга айыпталды. Ал 2023-жылдын 10-февралына чейин мелдештерден четтетилди.

XS
SM
MD
LG