Ссылки доступа

Казакстандын Башкы прокуратурасы: өзгөчө абал режимин бузгандар жоопкерчиликке тартылат


Казакстандын Башкы прокуратурасы коронавируска байланыштуу жарыяланган өзгөчө кырдаал режиминин алкагындагы чектөөлөрдү сактабагандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Башкы прокурордун орун басары Булат Дембаев «Өзгөчө абал режими тууралуу» беренени бузуу үчүн 26,5 миң теңге (60 долларга жакын) өлчөмүндө айып пул төлөө же 15 суткага камакка алуу жазасы каралганын билдирди.

«Жарандарды көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылып, Ички иштер жана Саламаттык сактоо министрликтеринин кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга жана инфекцияны аныктоо, алдын алуу иштерине көмөктөшүүгө чакырам. Өзгөчө абал учурунда бийлик өкүлүнүн талаптарына баш ийбөө үчүн жоопкерчилик каралган», — деди Дембаев.

Казакстанда 16-мартта өзгөчө кырдаал киргизилип, 15-апрелге чейин эл көп топтолгон оюн зоок борборлору, кинотеатрлар ишин токтотуп, ар кандай көргөзмөлөргө, спорттук оюндарга жана эл көп чогулган иш-чараларга тыюу салынган. 19-мартта Нур-Султан жана Алматы шаарларында карантин жарыяланган.

Казакстанда коронавирус 13-мартта катталган. Акыркы маалыматтар боюнча өлкөдө вирус жуктуруп алган адамдардын саны 35ке жетти. Алардын 17си Алматы, 18и Нур-Султан шаарында.

Видео

XS
SM
MD
LG