Ссылки доступа

«Казатомпром» компаниясынын мурдагы башчысы Мухтар Жакишев абактан чыкты


Түрмөдө 11 жылдан бери отурган «Казатомпром» компаниясынын мурдагы башчысы Мухтар Жакишев 19-мартта шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкты.

Чыгыш Казакстан облусунун Семей шаарынын колониясынан аны ондогон активисттер «Мухтар жашасын!» деген ураандар менен тосуп алышты. Жакишев аларга ыраазычылыгын билдирди.

Семей шаардык сотунун чечимине ылайык, Жакишев жазасынын калган мөөнөтүн – 3 жыл 2 ай 17 күнүн пробациялык көзөмөлдө өткөрөт. Ага бир катар чектөө киргизилет. Жакишев полициянын уруксаты жок жашаган жеринен башка аймакка бара албайт, жазасын толук өтөп бүтмөйүн чет өлкөгө чыкпайт.

Мухтар Жакишевдин мөөнөтүнөн мурда бошотуу өтүнүчү буга чейин эки жолу четке кагылган.

Соңку жылдары Мухтар Жакишевдин саламаттыгы кескин начарлап кеткен. 2018-жылы ал 3-топтогу майып деп табылган. Ал көз катарагы жана башка ооруларга чалдыккан.

Жакишев 2009-жылы май айында кармалып, коррупция айыбы менен 14 жылга соттолгон. Жергиликтүү укук коргоочулар Жакишев Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин эң башкы саясий душманы эсептелген бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязов менен дос болгону үчүн гана камалганын айтып келишет.

2015-жылы БУУнун адам укуктары боюнча комитети Жакишевдин даттануусунун негизинде анын укуктары бузулуп жатканын билдирип, казак бийлигин аны абактан бошотууга чакырган. Расмий Нур-Султан Мухтар Жакишевдин ишинде саясий боёк жок экенин билдирип келет.

Видео

XS
SM
MD
LG