Ссылки доступа

Казакстандын Улуттук банкы: валюта базарын тышкы факторлор туруксуздаштырууда


19-мартта Казакстандын Алматы жана Нур-Султан шаарларындагы көпчүлүк акча алмаштыруу жайларында доллар сатылбай калды. Kurs.kz сайтындагы маалыматтарга караганда, айрым түйүндөрдө доллар 471 теңгеден сатылууда.

Казакстандын фондулук биржасындагы эртең мененки соодада доллардын курсу 448,5 теңге деп көрсөтүлгөн. Бул бир күн мурдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу дээрлик тогуз теңгеге көп.

Бейшемби күнү Казакстандын Улуттук банкы тараткан билдирүүдө «сырткы факторлордун ички валюталык базарды туруксуздаштыра турган таасирин чектөө үчүн» Казакстан фондулук биржасында 19-20-марттагы сооданы франкфурт аукциону менен жүргүзүү чечими кабыл алынгандыгы жазылган.

Улуттук банк дүйнөлүк каржы базарындагы өзгөрүүлөрдү, мунай баасынын төмөндөшүн жана Казакстандын негизги соода өнөктөшү эсептелген Орусия рублинин арзандашын «тышкы факторлор» катары атады.

Видео

XS
SM
MD
LG