Ссылки доступа

Өзбекстанда сот мурдагы саясий туткунду толугу менен актады


Өзбекстандын Кашкадарыя облустук сотунун апелляциялык коллегиясы 18-мартта мурдагы саясий туткун, 50 жаштагы Чуян Маматкуловду толугу менен актады. Бул тууралуу «Эзгулик» укук коргоо уюму билдирди.

Сот Чуян Маматкуловдун аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде буга чейинки бардык айыптоолорду алып таштады.

Өзбекстан Куралдуу Күчтөрүнүн запастагы офицери Чуян Маматкулов 2012-жылы кармалган. 2013-жылы ал киши уурдоо, конституциялык түзүмгө зыян келтирүү, алдамчылык, жалган документ жасоо, жалган күбө өтүү айыбы менен он жылга соттолгон. Маматкулов айыптоолорду четке каккан.

Чуян Маматкулов Өзбекстанда эң эле катаал деп эсептелген айтылуу «Жаслык» түрмөсүндө жазасын өтөп, кыйноого кабылган. Укук коргоочу 2018-жылы мартта эркиндикке чыгып, ак жерден соттолгонун далилдей турганын билдирген.

Ал азыркы тапта Өзбекстанда адам укуктарын коргоо багытында иш алып барат.

Видео

XS
SM
MD
LG