Ссылки доступа

Тажикстанда мечиттерде намаз окууга кайрадан уруксат берилди


Тажикстанда Дин, каада-салт жана салтанаттар комитети 20-марттан тарта мечиттерде жапырт намаз окууга кайрадан уруксат берди. Коронавирус коркунучунан улам 5-мартта жамаат менен жума намаз окууга тыюу салынган.

Комитет намазга жыгылуу учурунда жарандар бардык санитардык нормаларды сакташы керек экенин эскертти.

Мечиттерде намаз окууга тыюу салынганда социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары окуу жайлар, ресторандар, соода борборлору жана стадиондор жабылбай иштеп жатканына нааразы болушкан.

Душанбеде Нооруз майрамынын айрым массалык жүрүштөрү, аш жармаңкеси токтотулганы менен көкбөрүгө даярдык, майрамдык жармаңке уланууда.

Видео

XS
SM
MD
LG