Ссылки доступа

Эл аралык бокс ассоциациясынын экс-башчысы Гафур Рахимовдун үйүнө «Молотов коктейлин» ыргытып кетишти


14-мартка караган түнү белгисиз адамдар өзбек ишкери Гафур Рахимовдун Ташкенттеги үйүнүн короосуна «Молотов коктейлин» ыргытып кетишкен. Бул тууралуу аты-жөнүн атагысы келбеген укук коргоо органдарынын кызматкери билдирди.

Анын айтымында, жыйынтыгында короодо өрт чыгып, токтоп турган кароолчунун унаасы зыянга учураган. Үйдүн жанынан күйүүчү май куюлган дагы үч бөтөлкө табылган.

Маалыматка караганда, ошол эле күнү ишкердин жубайы Лола Рахимова милицияга арыз менен кайрылган.

– Анын арызында короосундагы өрт жөнүндө эч нерсе айтылган эмес, болгону үйгө уурулар киргени жазылган. Тергөөчүлөр өрт өчүрүүчүлөр менен чогу барып, текшерип келишти. Табылган бөтөлкөлөр далил катары алынды. Рахимовдордун коңшусунан түшүнүк кат алышты. Бирок азырынча кылмыш иши козголо элек. Бул маселе экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин каралат», — деди укук коргоо кызматкери.

Рахимовдордун кызыкчылыгын коргоп жаткан адвокаттын айтымында, үй-бүлө бул окуянын коомчулукка жайылышын каалабай жатканын билдирген.

Өзбекстан ИИМиндеги өз булактын маалыматына караганда, Рахимовдорго коңшулаш жашаган мурдагы аткаминерлердин бири ички иштер министрине кайрылып, кылмыш ишин козгобоону өтүнгөн.

Гафур Рахимов 2019-жылы мартта Эл аралык бокс ассоциациясынын (AIBA) президенти кызматынан кетүүгө аргасыз болгон. Буга анын кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар экендиги себеп болгону кабарланган.

XS
SM
MD
LG