Ссылки доступа

Түркия Хашоггинин өлүмү боюнча шектүүлөргө күнөө койду


Жамал Хашогги

Түркия саудиялык журналист Жамал Хашоггинин өлүмүнө байланышкан иштин алкагында 20 шектүүгө күнөө койду. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди. Соттук териштирүүнүн датасы белгисиз. Шектүүлөрдүн көбү өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Сауд Арабиясынын мураскор ханзаадасынын мурдагы кеңешчиси негизги шектүүлөрдүн бири катары аталууда.

The Washington Post гезити менен иштешкен Жамал Хашогги 2018-жылы октябрда Стамбулдагы саудия консулдугунда өлтүрүлгөн. Журналист Эр-Рияддын саясатын, анын ичинде өлкөнүн мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салманды сындап келген. Хашоггинин сөөгүнүн калдыктары азыркыга чейин табыла элек.

Human Rights Watch укук коргоо уюму былтыр октябрда Хашоггинин өлтүрүлүшү боюнча иштин жабык өтүшүн эл аралык стандарттарга туура келбейт деп атаган.

Видео

XS
SM
MD
LG