Ссылки доступа

СOVID-19 пандемиясынан улам өзбекстандыктар чек арадан өтө албай турушат (видео)


25-мартта өзбек-казак чек арасында 500дөн ашуун өзбекстандык топтолуп калды. Алар Өзбекстанга өтө албай турушат.

Казак аткаминерлери кырдаалды жөнгө салуу үчүн өзбек бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Маалыматка караганда, өзбекстандыктар карантин үчүн орун даяр болгондо гана өткөрүлөт.

Атырау шаарында иштеген өзбекстандык Пулат Мангистау облусундагы «Тажен» бекети аркылуу өзбек-казак чек арасынан өтө албай кайра артка кайтууга аргасыз болду.

– Мен Атырау шаарында үч ай иштедим. Анан үйгө кайтууну чечкем. 23-мартта «Тажен» бекетине бардым. Ал жерде 400дөй киши туруптур. Алар Казакстанда иштеп жүргөндөр же Казакстан аркылуу Орусиядан келе жаткандар экен. Бирок чек арадан эч кимди өткөрүшкөн жок. Мен ал жерде бир аз турдум да кайра артка кайттым, – деди Пулат.

Казакстандагы «Дустлик» өзбектер коомунун төрагасы Икрам Хашимжанов чек арада тажикстандык 47 жаран да турганын айтууда:

– Ал адамдар Өзбекстан аркылуу мекенине кайтууну каалашкан. Менимче, ушул тапта Тажикстан элчилиги аларга жол ачуу үчүн Өзбекстан менен сүйлөшүп жатат.

«Жибек жолы» өзбек-казак чек ара өткөрмө бекети да пандемияга байланыштуу жабылган. Соцтармактарда тараган видеожазууларда өзбекстандыктар асфальтта жатканын көрүүгө болот.

Өзбекстан СOVID-19 пандемиясына байланыштуу 16-марттан тартып башка өлкөлөр менен бардык байланышын токтоткон.

Видео

XS
SM
MD
LG