Ссылки доступа

Тажикстанда сел жүргөн айылга куткаруучулар жөнөтүлдү (видео)


Халкажар айылы

Тажикстандын Хатлон облусунун бийлиги селдин кесепеттерин жоюу үчүн Халкажар айылына 50 аскер кызматкери жана 400 ыктыярчы жөнөтүлгөнүн билдирди.

Облустук акимчиликтин маалыматына караганда, мындан тышкары тазалоо иштери үчүн айылга төрт тонна күйүүчү май, төрт жүк унаасы, жети экскаватор жана башка керектүү техникалар жеткирилди.

Буга чейин Халкажар айылынын тургундары жергиликтүү бийлик жардам бербегенин, селдин кесепеттерин өз алдынча жоюуга аргасыз болуп жатышканын айтып даттанышкан.

«Биздин абалды көрүүгө эч ким келген жок. Суу аралашкан баткакты өзүбүз тазалап жатабыз. Үйлөрү зыянга учураган тургундар бир нече күндөн бери коңшуларыныкында жашап жатышат. Жергиликтүү бийлик өз учурунда айылдын айланасын бекемдегенде, сел болбойт эле», — деп билдирген Зарина Мавлонова аттуу жергиликтүү тургун.

21-март күнү кечинде нөшөрлөгөн жамгырдан улам Халкажар айылында сел жүрүп, ондогон турак-жай, короолор суу алдында калган. Бир адам каза болгон.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, жаратылыш кырсыгынан 200дөн ашык үй зыянга учураган.

В Таджикистане люди жалуются на бездействие власти во время селя
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:41 0:00

Видео

XS
SM
MD
LG