Ссылки доступа

COVID-19: Москвадагы тажик активисттери жумушсуз калган мигранттарга тамак-аш таратууда (видео)


"Таджики, узбеки, без разницы – обращайтесь". Мигранты в Москве кормят мигрантов
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:11 0:00

Москвада тажик активисттери коронавирус эпидемиясынан улам жумушсуз калган эмгек мигранттарына тамак-аш тарата башташты.

Алардын айтымында, жардам мигранттардан тышкары Москванын аз камсыз болгон тургундарына, анын ичинде пенсионерлерге да берилүүдө.

«Тажикпи, өзбекпи айырмасы жок, жардам муктаж болсоңор кайрылгыла. Биз Шоссейный 22 дарегинде жайгашканбыз. Кайсыл бир себептер менен келе албагандарга жеткирип берүүгө аракет кылып жатабыз. Бирок азыр автоунаасы бар айдоочулар аз болууда. Ошондуктар кайрылгандардын баарына азык-түлүк жеткирип берүүгө жетишпей калып жатабыз», — деди ыктыярчылардын бири.

Жардам берүү акциясын укук коргоочу Иззат Амон өзүнүн командасы менен уюштурган. Анын айтымында, кайрылгандарга эки кишиге 5-6 күнгө жеткидей азык-түлүк салынган баштык берилүүдө.

Коронавируска байланыштуу Москвага киргизилген карантинден улам шаардагы ишканалардын көбү ишин токтотуп, аларда эмгектенген мигранттар жумушсуз калышкан.

Видео

XS
SM
MD
LG