Ссылки доступа

АКШ Тажикстандын медициналык мекемелери үчүн 56 тонна азык түлүк берди


Вашингтон АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) программасынын алкагында Тажикстанга 56 тоннадан ашык азык-түлүк жеткирди. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Тажикстандагы элчилиги билдирди.

«USAID программасынын алкагында Тажикстанга 171 000 долларлык 56 280 килограмм азык-түлүк жетирилди. Анын көбү коронавирус пандемиясынан улам карантинде жаткан жарандарга багытталган», — деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.

ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, гуманитардык жардам мындан тышкары Тажикстандагы кургак учукту, онкологиялык жана психиатриалык ооруларды дарылаган мекемелерге, ошондой эле өкмөттүн алдындагы Өзгөчө абал жана жарандык коргонуу комитетине берилет.

Тажикстандын бийлиги өлкөдө COVID-19 вирусун жуктурган адамдар жок экенин билдирип келет. Саламаттык сактоо министрлиги 1-февралдан бери чет өлкөлөрдөн келген жети миңден ашык киши тесттен өткөрүлгөнүн кабарлады. Бүгүнкү күндө алардын 4300ү үйлөрүнө кое берилсе, калганы ооруканаларда карантинде жатышат.

Буга чейин АКШнын өкмөтү коронавируска каршы күрөшүүгө даярдык көрүү үчүн Тажикстанга 866 миң доллар каражат бөлгөн. Мындан тышкары Германия 1 миллион евро, Азия өнүктүрүү банкы 100 миң доллар бөлсө, Орусия 20 миң тест-системасын, ЮНИСЕФ коргонуу каражаттарын берген.

Видео

XS
SM
MD
LG