Ссылки доступа

Бразилияда вирус тездик менен жайылууда (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Бразилияда вирус тездик менен жайылууда. (видео Директ)

- Этияттыкты унуткан эл. Кыргызстанда 21-майдан тартып соода борборлору, автоунаа базарлары менен мал базарлар, мейманканалар жана калкты тейлөө борборлору иштей баштады. Мамлекеттик каттоо кызматынын тейлөө борборлорунда эл көп топтолуп, дээрлик бардык жерде санитардык-гигиеналык эрежелер сакталбаганы байкалды. (видео)

- Коронавирус ооруканадагы балдарга жетти. Бишкектеги Онкология жана гематология борборундагы балдарга, энелерге жана медиктерге коронавирус жукканы аныкталды. (видео)

- Тажикстанда селден жабыркаган айылдын тургундары коркутууларга кабылууда. (Настоящее время)

- Казакстанда «Көчө партиясы» саясий кыймылынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. (Настоящее время)

- Ташкентте пенсионерлер карантин маалында пенсия алуу үчүн узун кезекке турушууда. (видео)

- «11 кишиге бир душ». Казакстанда карантинге алынгандан нааразы. (видео )

- Кавказда эл эпидемияларды кантип жеңип келишкен? (видео)

- Почточулар, тартип сакчылар жана медайымдар: пандемия учурунда роботтор кишилерди кантип алмаштырууда? (видео)

- «Кет, колунан келген киши башкарсын!» Түркмөнстандыктар Лебаптагы бороондон кийин президенттин отставкасын талап кылышты. (Настоящее время)

- Ассолдун Нью-Йорктогу ийгилиги. Жакында Нью-Йоркто өткөн абройлуу «Трайбека» кинофестивалында кыргызстандык Ассоль Абдуллина «Мыкты актриса» наамына ээ болду. Ал бул сыйлыкты режиссер Дэвид Гутниктин «Энелик» («Materna») деген тасмасында аткарган ролу үчүн алды.​ (видео)

- ДССУ COVID-19 инфекциясы боюнча иликтөө жүргүзөт. (видео Директ)

- Европада карантинге каршы нааразылык акциялары өтүүдө. (видео Директ)

- «Белгисиз Беларус» долбоорунун документалисттери каза болду. Алар коронавируска каршы күрөштө медиктерге жардам берип жүргөн ыктыярчылар жөнүндө фильм тартып жүрүшкөн. (Настоящее время)

- Москвадагы мигранттар үчүн ачылган карантиндик лагерь. (видео Директ)​

- Тажикстанда маркумдар жаңы эреже менен көмүлүүдө. (Настоящее время)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. ДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.​

XS
SM
MD
LG