Ссылки доступа

Тажикстандык мигрант Орусияда жетим калган балдарынын жанына барды


Чек аралар жабылып, Орусиядагы аялы каза болгондо бара албай калган тажикстандык мигрант Дилшод Нурматов Душанбеден Москвага учуп барды.

Тажик бийлигинин маалыматына караганда, азыр ал Москвада балдары менен чогу үй карантинине алынды.

Нурматовдун аялы Гулшан Нурматова 5-майда бөйрөк оорусунан каза болгон. Күйөөсү тажиясына видеобайланыш аркылуу катышкан. Төрт баласы, анын ичинде төрөлгөнүнө 20 гана күн болгон кичүү уулу бөтөн жерде калган.

Дилшод Нурматовдун айтымында, ал марттын ортосунда ата-энеси менен көрүшкөнү Тажикстанга келип, кайра он күндөн кийин кетүүнү пландаган. Бирок чек аралар жабылып калып, үй-бүлөсүнө бара албай калган.

Көптөгөн жылдардан бери Орусияда иштеп жүргөн Дилшод Нурматов балдары менен аялын жети жыл мурда алып кеткен. Ал өзү айдоочу болуп иштеп, аялы балдар менен үйдө отурчу.

COVID-19 пандемиясынан улам Тажикстан марттын аягынан тартып аба каттамдарын токтоткон.

Орусиянын расмий маалыматы боюнча бул өлкөдө 1 миллиондон ашык тажикстандык мигрант бар.

Видео

XS
SM
MD
LG