Ссылки доступа

Казакстанда бир суткада 363 кишиден вирус аныкталды


Казакстанда 21-майда коронавирус инфекциясын 363 адам жуктуруп алганы аныкталды. Алардын үчтөн бир бөлүгү – Караганды облусунун тургундары.

Казакстандын Коомдук саламаттык борборунун маалыматына караганда, бул – эпидемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Өлкөдө жалпысынан коронавирус инфекциясына чалдыккандардын саны 7597 кишиге жетти.

Караганды облусунда бир суткада 130 кишиден вирус аныкталды. Бир күн мурун эле илдетке кабылгандардын жалпы саны 300дү түзгөн.

Алматыда бүгүнкү 35 бейтапты кошкондо вирус жуктургандардын саны 2001 кишиге жетти.

Жалпысынан Нур-Султанда 1 457, Чымкентте 539, Атырау облусунда 841 учур катталды.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, өлкө боюнча 3 843 адам айыгып, 35 бейтап көз жумду.

XS
SM
MD
LG