Ссылки доступа

WSJ: АКШ менен Орусия өзөктүк арсеналды чектөө тууралуу сүйлөшөт


АКШ менен Орусиянын өкүлдөрү жолугуп, өзөктүк арсеналдарды чектөө тууралуу ири келишим түзүү боюнча америкалык тараптын сунушун талкуулоону пландап жатышат. Бул тууралуу Wall Street Journal (WSJ) гезити Кошмо Штаттардын расмий адамдарына шилтеме кылып жазды.

Басылманын маалыматына караганда, АКШ президенти Дональд Трамптын курал-жаракты көзөмөлдөө боюнча атайын өкүлү Маршалл Биллингсли менен Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябковдун жолугушуусу Венада өтөт деп пландалууда. Анда 2021-жылы февралда күчүн жогото турган «Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды азайтуу жөнүндөгү» (СНВ-3) эки өлкө ортосундагы макулдашууну алмаштыра турган жаңы келишим даярдоо тууралуу сөз болот деп күтүлүүдө.

Басылманын белгилешинче, АКШ жаңы келишимге Кытай да кошулушу керек деп эсептөөдө. Биллингсли Москва бул келишимге кошулуудан баш тартып жаткан Бээжинди көндүрөт деген үмүтүн билдирген.

Макалада Вашингтон келишимде бардык өзөктүк куралдар, анын ичинде тактикалык жана узак мөөнөттүү сактоого алынган куралдар жөнүндө да сөз болушун каалап жатканы да жазылган.

Видео

XS
SM
MD
LG