Ссылки доступа

Кашкадарыяда 30дан ашуун киши уй этине ууланды


Кашкадарыя облусунун Нишан районундагы Балхиялик айылынын отуздан ашуун жашоочусу ылаңдаган малдын этин жегенден кийин уулануунун белгилери менен ооруканага жеткирилди. Алардын баарына медициналык жардам көрсөтүлдү.

Кашкадарыялык активисттердин бири 23-майда карызга эт сатып алып жегенден кийин жүрөгү айланып, кусуп ооруканага барганын айтты. Ал ушундай эле белгилер менен отуздан ашык киши дарыгерге кайрылганын, алардын көбү туугандары экенин кошумчалады.

Бул маалыматты Нишан райондук ички иштер бөлүмү да тастыктады.

Малдын этине ууланган жашоочулардын биринин айтымында, айыл тургуну ылаңдаган уюн союп, айылдыктарга карызга сатып жиберген:

– Ылаңдаган малдын килограммын 40 миң сумга (3 долларга) баалаган. Андан баарыбыз эт алып, үй-бүлө мүчөлөрүбүз менен бирге жегенбиз. Андан кийин ууланып, 5,6-миллион сумга (490-590 доллар) дарыланууга туура келди.

Өзбекстандын Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүрүү комитети дарыгерлерге кайрылган жарандардан “Сибирь жарасы” табылбаганын маалымдады.

Видео

Видео

Санарип маммограф, сапаттуу диагностика
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:46 0:00
XS
SM
MD
LG