Ссылки доступа

Палоо индекси: Өзбекстандагы эң кымбат палоо Ташкентте, эң арзаны Наманганда


Өзбекстандын Улуттук статистика комитети май айына карата «палоо индексин» жарыялады.

Ага ылайык, өлкөдөгү эң арзан палоо Наманганда сатылат — бир порциясы 11 571 сумду (1,14 доллар), бир килограммы 80 997 сумду (8 доллар) түзөт. Экинчи орунда Сурхандарыя облусу — мында порциясы 11 800 сумдан (11,16 доллар), килограммы 82 600 сумдан (8,12 доллар) сатылат.

Үчүнчү орунга Каракалпакстан жана Навои облустары жайгашкан. Бул аймактарда палоонун бир порциясы 13 миң сум (1,28 доллар), килограммы 91 миң сум (9 доллар) турат.

Эң кымбат палоо Ташкентте. Баш калаада бир порциясын 17 750 сумдан (1,75 доллар), бир килограммын 124 250 сумдан (12,26 доллар) сатып алса болот.

Индексти түзүүдө Палоо борборлорундагы орточо баалар алынган, ресторан жана кафелердеги баалар кошулган эмес.

Өзбекстанда «Палоо индекси» быйыл январда киргизилген.

XS
SM
MD
LG