Ссылки доступа

Токаев «парламенттик оппозиция» тууралуу өзгөртүүлөргө кол койду


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мыйзамга «парламенттик оппозиция» деген түшүнүктү киргизүү, анын макамын жана укуктук абалын аныктоо тууралуу мыйзам долбооруна кол койду.

Документке ылайык, парламентте азчылыкты түзгөн партиянын депутаттары парламенттик талкууларды жана өкмөттүк сааттарды өткөрүү боюнча демилге көтөрүп, эки палатанын биргелешкен жыйындарында сөз сүйлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Мындан тышкары саясий партияларды каттоо үчүн мурдагыдай 40 миң эмес, 20 миң мүчө жетиштүү болот. Ошондой эле шайлоого аттанган партиялардын тизмесинин 30% кем эмес бөлүгүн аялдар менен жаштарга берүү каралган.

Активисттер бул өзгөртүүлөр бийликке ылайыксыз партиялардын келүүсүнө жана көз карандысыз талапкерлердин шайлоого катышуусуна тоскоол болорун белгилеп келишет.

XS
SM
MD
LG