Ссылки доступа

Орусиянын депортация борборлорундагы өзбекстандыктар эркиндикке чыгарууну сурашууда


Орусиянын Москва облусуна караштуу Егорьевск шаарындагы депортация борборунда кармалган өзбек мигранттары учурда абал өтө оор экенин билдиришүүдө. Алар мекенине кете албай жатышат.

29 жаштагы Шахрух убактылуу жайда көбүнчө өзбекстандыктар менен вьетнамдыктар кармалып турушканын билдирди.

– Эгер борбордо 200 киши болсо, алардын 53ү – Өзбекстандын жараны. Бир нече азербайжан жана молдаван бар. Калган 140 киши – Вьетнамдын жарандары. Кыязы, алардын да биз сыяктуу өз өкмөтүнө кереги жок окшойт. Биз бул борбордо кеминде үч айдан бери турабыз. Ошондон бери борбор 1-июнда ачылып, бизди үйгө жөнөтүшөрүн айтып келишкен. Эми: “Орусия силерди жөнөтүүгө даяр, бирок Өзбекстан кабыл албай жатат!” деп айтышты. Алар бизди бул жерден чыгаргысы да, мекенге кайтаргысы да келген жок.

Орусияда карантин режими киргизилгенден кийин жергиликтүү укук коргоочулар депортация борборлорундагы мигранттарды бошотууну талап кылышкан. Алар мындай жайларда вирустун жайылуу ыктымалдыгы жогору экенин жүйө келтиришкен.

XS
SM
MD
LG