Ссылки доступа

Токаев Казакстанда «крым сценарийинин» кайталануу ыктымалдыгын четке какты


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 24-июнга белгиленген Москвага сапарынын алдында орусиялык басылмага интервью берип, Казакстанда «Крым жана Донбасс» сценарийлеринин кайталануу ыктымалдыгын четке какты.

«Псевдоэксперттердин мындай божомолдорунда олуттуу негиздер жок. Алар Казакстандагы абалды туруксуздаштырууга, биздин өлкөлөр ортосундагы ынак коңшулук, союздаштык мамилелерди бузууга багытталган. Мындай божомолдорду абалды түшүнбөгөн, карасанатай кишилер айтышат», — деди Токаев «Комсомольская правда» гезитинин 2-июндагы санына жарыяланган интервьюсунда.

Президент Нур-Султандын Орусия менен Беларустун союздук мамлекетине (азырынча союз кагаз жүзүндө гана бар) кошулуу планы жок экенин билдирди. Ошол эле маалда Токаев алдыда Казакстан үчүн артыкчылыктуу багыт — аймактык биримдиктердин, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы интеграцияны өнүктүрүү болорун белгиледи.

Мамлекет башчы өлкөдө латын арибине өтүү процесси «жасалма тездик» менен жүргүзүлбөй турганын айтып, Казакстанда жашаган орустар «бардык укуктары менен пайдаланып жатышканын» белгиледи. Ал ошондой эле Казакстанда АКШнын аскердик базасын куруу маселеси «талкууланбаганын жана күн тартибинде жок экенин» билдирди. Токаев Казакстан биологиялык коопсуздук тармагында орусиялык адистер менен ачык-айкын кызматташууга даяр экенин кошумчалады.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG