Ссылки доступа

Казакстан батышындагы тергөө абагында тополоң чыкты


3-июнда Казакстандын Атырау шаарына жакын жайгашкан тергөө абагындагы соттолуучулар камера терезесинен кандын тактары бар кийим көрсөтүшүп, “куткаргыла, тез жардам чакыргыла” деп кыйкырышты. Бул тууралуу “Ак жайык” басылмасы кабарлады.

Басылманын кабарчысы окуя болгон жерге барып, соттолуучулардын туугандарын – болжол менен 40тай кишини көргөн.

Лаура шаарынын тургуну абакта отурган иниси камеранын терезесинен канга боелгон көйнөгүн көрсөтүп, жардам сураганын айтты.

– Биз тез жардам чакырууну өтүндүк. Бирок имаратта санитардык бөлүк бар экенин айтышты. Биз эчтеке биле албай отурабыз.

Облустук прокуратура башкармалыгынын жетекчиси Сакен Жандырбаев абактагы бир нече киши ички тартипке баш ийбей койгонун, учурда териштирүү жүрүп жатканын кабарлады.

Бейрасмий маалыматтар боюнча абактагылар тамак-аш сапатынын, камералардагы санитардын абалдын начардыгына жана керектүү медициналык жардам көрсөтүлбөй жатканына нааразы болуп, тополоң уюштурушкан.

Казакстан ИИМинин Жаза аткаруу комитети 2-июнь күнү кечинде абактагы беш киши режимди бузуп, башкаларды да башаламандыкка чакырганын кабарлады. Комитеттин билдирүүсүндө учурда абал туруктуу экени, тартип бузгандар карцерге киргизилгени айтылат.

XS
SM
MD
LG