Ссылки доступа

Тажикстан казак-өзбек чек арасынан 237 жаранын алып кетти (видео)


Тажикстан бийлиги акыркы бир нече жумадан бери казак-өзбек чек арасындагы "Жибек Жолу" өткөрмө бекетинен өтө албай турган жарандарын чыгарып кетти.

Тажикстан Тышкы иштер министрлиги 2-июнь күнү кечинде 237 жаран өлкөгө жеткирилгенин билдирди.

Казакстан жана Өзбекстан бийлиги марттын ортосунда коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу чек араларын толугу менен жапкан.

Казак-өзбек чек арасында турган жарандардын арасында 17 бала жана 14 аял бар экени айтылган. Мигранттардын көбү эк ай бою чек арадан өтө албай жаткан.

Буга чейин эл аралык уюмдар чек арадан өтө албай калган кишилер өтө оор шартта жашап жатканын айтып, Нур-Султан, Ташкент жана Душанбени мигранттар үчүн коридор түзүүгө макулдашууга үндөгөн. Эл аралык миграция комитети мигранттарды автобус менен Согди облусуна жеткирүүгө даяр экенин билдирген.

Видео

XS
SM
MD
LG