Ссылки доступа

Тажикстанда психиатриалык ооруканада 50 бейтап коронавирус жуктуруп алган


Тажикстандын Согди облусундагы психиатриалык ооруканада дарыланып жаткан 50гө жакын бейтап COVID-19 вирусун жуктуруп алды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун тажик кызматына аталган ооруканын өкүлдөрү билдиришкен.

Алар далил катары редакцияга ооруканада иштеген эки дарыгердин сүйлөшүүсү жазылган аудиону жөнөтүшкөн. Анда оорукананын 50 бейтабы COVID-19 вирусун жуктуруп алганы айтылган.

Бул бейтаптар Хожент шаарындагы ооруканада рентген-текшерүүдөн өтүп, жыйынтыгында алардын 50сүндө коронавирус бар экени аныкталган. Ооруканын жетекчилиги психиатриалык клиниканын бейтаптары текшерилгенин ырастады. Бирок жогору жактан COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны боюнча маалымат берүүгө тыюу салынганын билдирип, канча кишиден вирус аныкталганын айтуудан баш тартты.

Азырынча күнү-түнү көзөмөлдөгү адамдардын илдетти кантип жуктуруп алганы белгисиз.

Видео

XS
SM
MD
LG