Ссылки доступа

Кытайда бала бакчадагы кол салуудан ондогон адам жаракат алды, көбү балдар


4-июнда Кытайдын түштүгүндө бала бакчага кол салуудан улам кеминде 39 киши бычактан жаракат алды. Бул тууралуу Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлашты.

Окуя болгон Гуанси-Чжуан автоном облусунун бийлиги бакчанын 37 тарбиялануучусу жана эки кызматкери түрдүү жаракаттарды алганын, алардын көбү алты жашка чыга элек балдар экенин билдирди.

Маалыматка караганда, кол салууга бакчанын 50 жаштагы кароолчусу шектелип, кармалды.

Мамлекеттик CCTV телеканалы 40 киши жарадар болгонун, бир баланын, бакчанын директору менен дагы бир кароолчунун абалы оор экенин кабарлады.

Кытайда бычак менен мектепке, бала бакчаларга кол салган учурлар буга чейин да катталган жана кылмышка барган адамдардын көбү акыл-эси жайында эмес экени маалымдалган.

Видео

XS
SM
MD
LG