Ссылки доступа

Прокурорлор Сапар Исаковго 20 жыл сурашты


Прокуратура мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкектеги Улуттук тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоо боюнча 247 миллион сом айыппул төлөп, жалпысынан мурдагы өкүмдөрүн кошкондо 20 жылга эркинен ажыратылышы керек деп эсептейт.

Бул тууралуу көзөмөл органы 4-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан отурумда билдирди.

Ал эми президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаевага коюлган берене өзгөргөндүктөн, прокурорлор соттон аны эркинен ажыратпастан, айыппул төлөтүүнү өтүнүштү.

«Исаковго музей жана ипподром үчүн мурдагы ЖЭБ иши боюнча өкүмдү кошкондо жалпы 20 жыл сурашты. Карыбаевага тергөөнүн башында «Коррупция» деген берене коюлган, аны прокуратура «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» деп өзгөрткөндүктөн 260 миң айыппул сурашты. Биз бул иштин саясий өңүтү бар деп эсептейбиз. Анткени Исаков Жээнбековго каршы сүйлөгөн», — деди адвокат Бакыт Автандил уулу.

Музей жана ипподром иши боюнча жалпысынан алты адам соттолууда.

Музейдеги коррупция тууралуу расмий түрдө 2018-жылы айтылган. Кийинчерээк Башкы прокуратура аны оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет дээрлик 102 миллион сом зыян тартканын, айып коюлгандардын күнөөсү бар экенин билдирген.

Сапар Исаковго буга чейин Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоо ишине байланыштуу да өкүм чыккан.

XS
SM
MD
LG