Ссылки доступа

Казакстандын саламаттык сактоо министри жарандарды митингдерге чыкпоого чакырды (видео)


Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов коронавирус пандемиясы маалында жарандарды митингдерге чыкпоого чакырды.

Министр карантин маалында массалык иш-чараларга тыюу салынганын, адамдардын топтолушу инфекциянын жайылуусуна шарт түзөрүн билдирди.

«Мыйзамдын талаптары аткарылышы керек. Казакстанда эпидемия, пандемия маалында башкы санитардык дарыгердин чечимдери милдеттүү болуп эсептелет. Талаптарды аткарбагандар административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн», — деди Биртанов.

Буга чейин эки оппозициялык топ жарандарды 6-июнда Казакстандын бир нече шаарында митингдерге чыгууга чакырган. Алардын бири бозгундагы мурдагы банкир Мухтар Аблязов негиздеген «Казакстандын демократиялык кыймылы», экинчиси журналист жана активист Жанболат Мамай жетектеген Демократиялык партия түзүү боюнча демилгелүү топ.

Ал ортодо ыктымал митингдердин алдында Казакстандын шаарларында активисттер кармалып жатканы кабарланууда. Алардын буга чейинки митингдерге катышкандары административдик камакка алынып, «тынч жыйындарды өткөрүү эрежелери тууралуу мыйзамды бузуу» үчүн айып пул төлөөгө милдеттендирилүүдө.

Өткөн айда эл аралык укук коргоо уюмдары Казакстандын бийлиги карантинден пайдаланып активисттердин укуктарын чектеп, аларга басымды күчөтүп жатканына тынчсызданууларын билдиришкен.

Видео

XS
SM
MD
LG