Ссылки доступа

Тажик бийлиги эл аралык аба каттамдары жанданары тууралуу маалыматты четке какты


Тажикстандын бийлиги эл аралык аба каттамдар жандана тургандыгы жөнүндөгү маалыматтарды четке какты.

4-июнда тажик өкмөтүнүн алдындагы Жарандык авиация агенттиги эл аралык аба байланышы өлкөдө санитардык-эпидемиологиялык абал жакшыргандан кийин гана жанданарын билдирди.

«Азырынча Тажикстан менен Орусиянын ортосунда туруктуу аба байланышы жандана элек. Бул боюнча расмий билдирүү болгонго чейин жарандарды негизсиз ушактарга ишенбөөгө жана авиабилеттерди сатып албай турууга чакырабыз», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Күн мурун «Азия-Плюс» маалымат агенттиги айрым орусиялык авиакомпаниялар өздөрүнүн расмий сайттары аркылуу Москва-Душанбе жана Москва-Хожент багыттары боюнча билеттерди сата баштаганын жазган. «ЮтЭйр» авиакомпаниясы Душанбе шаарына түз каттамдар үчүн билеттерди 30-июндан тартып, «Урал аба жолдору» 13-июлдан тартып сатып алса болорун билдиришкен.

Тажикстан дүйнөдө коронавирустун жайылып жатканына байланыштуу 20-марттан тарта бардык багыттар боюнча эл аралык аба каттамдарын токтоткон. Өлкөнүн жүздөгөн жараны Орусиянын жана башка мамлекеттердин аэропортторунда келе албай калышкан.

Душанбе карантин маалында Орусиядан, Түркиядан, Индиядан, Германиядан жана Бириккен Араб Эмираттарынан ондогон жаранын алып келген. Бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдө мекенине келе албай жаткан тажикстандыктар дале көп.

Видео

XS
SM
MD
LG