ACLU полиция Трамптын Лафайет аянтынан Ыйык Иоанна чиркөөсүнө өтүп кетиши үчүн гана тынч жыйынга чогулгандарды кууп таратты деп эсептейт. Доо арызда президент Трамп башкы прокурор Барр жана башка аткаминерлер менен “кутумга” барып, демонстранттардын укугун бузганы айтылат.
1-июнда болгон окуя ЖМКларда катуу талкуу жараткан. Президент Трамп бир күн мурун демонстранттар өрттөгөн чиркөөнүн фонунда сүрөткө түшкөн. Бул өзүн өзү жарнамалоо аракети катары бааланган.
Башкы прокурор Барр Ак үйдүн айланасында кошумча коопсуздук зонасын түзүү үчүн демонстранттарды аянттан чыгаруу керек экенин билдирүүдө.
АКШда ынды кара Жорж Флойддун полиция кармагандан кийинки өлүмү жалпы өлкөдө расалык теңсиздикке каршы массалык нааразылык толкундарын жараткан. Айрым аймактарда ал башаламандыкка айланып, машинелер өрттөлүп, дүкөндөр тонолгон. Полиция Вашингтон баштаган 40 шаарда коменданттык саат киргизген.