Ссылки доступа

Facebook мамлекеттик көзөмөлдөгү ЖМКлардын билдирүүлөрүнө белги кое баштады


Facebook социалдык түйүнү мамлекеттик көзөмөлдөгү маалымат каражаттарынын билдирүүлөрү менен тайпаларына атайын белги кое баштады.

Компаниядан билдиришкендей, кийинчерээк мындай ЖМКлардын жарнамаларына да атайын белгилер коюла баштайт.

Бүгүнкү күнгө карата ЖМК мамлекетке таандык экендиги тууралуу белгилер Орусиянын RT телеканалынын, Кытайдын CCTV телеканалы менен «Синьхуа» агенттиктеринин, Кытай компартиясынын борбордук комитетине таандык «Женьминь жибао» гезитинин баракчаларында пайда болду.

Жыл аягында, АКШдагы президенттик шайлоого жакын мындай басылмаларга өз өлкөсүндөгү колдонуучулар үчүн жарнама берүүгө тыюу салынат. Facebook атайын белгиге ээ болгон уюм социалдык түйүндүн мындай чечими менен макул болбосо, апелляция берсе болорун билдирди.

XS
SM
MD
LG